Error: Contact form not found.

+996 772 251 700

Биздин Альянс

1993-жылы Бишкектеги Француз Альянсы коомдук бирикмеси болуп негизделген. Ал эл аралык Альянс Франсез Фонду тарабынан дүйнөдөгү Француз Альянстарынын тармагынын мүчөсү катары таанылган. Бул коомдук бирикмеси Кыргызстандагы француз тилинин бирден-бир расмий борбору болуп саналат.
Бишкектеги Француз Альянсы Кыргызстандагы Франция Республикасынын элчилиги менен тыгыз кызматташтыкта иштейт. Ал Франциянын расмий лингвистикалык жана маданий өкүлү болуп саналат. Бишкектеги Француз Альянсы, француз тилин, ошондой эле эки өлкөнүн (Франция менен Кыргызстандын) ортосундагы маданий мамилелерди өнүктүрүү миссиясын аткарат.
Бишкектеги Француз Альянстын негизги уюштурган иш-чаралары:
• тил курстары (француз, орус жана кыргыз тилдери)
• француз тилинен расмий экзамендер (DELF-DALF жана TEFAQ)
• үзгүлтүксүз түрүндө лингвистикалык жана маданий иш-чараларды уюштуруу (жумалык ательелер, Франкофония жумалыгы ж.б.)
• жазуу жана оозеки котормолору (француз, орус жана кыргыз тилдерине)
Кыргызстандагы Француз Альянсынын уникалдуу медия китепканасы бардык калоочуларга дайыма ачык.