Error: Contact form not found.

+996 772 251 700

Femme Welle Бишкекте

Экинчи Француз-Немис кинофестивалы Бишкекте 2022-жылдын 7-июнунан 12-июнуна чейин Ала-Тоо кинотеатрында өтөт‼️!🎈

Фестивалды Казакстандагы Гёте институту жана Бишкектеги Француз Альянсы, Француз институтунун, Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда. Тасмалар эки өлкөнүн азыркы кинематографиясынын эң актуалдуу темаларын чагылдырат.🎉Экинчи фестиваль “Femme Welle” (б.а. “Аялдар толкуну”) деп аталат, анткени анын программасы аялдар темасына багытталган. Биз аялдардын заманбап коомдогу орду жөнүндө айтып, гендердик теңчиликке жетүү жолдорун чогуу ойлонгубуз келет.

🎥Тасмалар орус тилиндеги субтитрлери менен түпнуска тилинде көрсөтүлөт жана алардын айрымдары Борбор Азияда биринчи жолу көрсөтүлөт.

➡️Жаш чеги 12 жаштан. Программанын ичине көркөм, даректүү жана анимациялык фильмдер кирет.

🎞Фестивалдын программасы 🎞

🔷 07.06 17.00 — Кинофестивалдын ачылышы17:30 – The Case You, 80 мин, Германия, 2020 / 12+1

9:30 – Слалом, 90 мин, Франция, 2020 / 18+

🔷 08.06 17:30 – Кушетка в Тунисе / Тунистеги диван, 88 мин, Франция, Тунис, 2019 / 12+

19:30 – Чудо Тайпэя / Тайбэй керемети, 85 мин, Германия, 2019 / 0+

🔷 09.06 17:30 – Феникс, 94 мин, Германия, 2014 / 12+

19:30 – Красная земля / Кызыл жер, 88 мин, Франция, Белгия, 2020 / 12+

🔷 10.06 17:30 – Камиль, 90 мин, Франция, 2019 / 16+

19:45 – Дорогие дети будущего / Урматтуу келечектин балдары, 80 мин, Германия, 2014 / 12+

🔷 11.06 16:00 – Иви как Иви / Иви Иви катары, 112 мин, Германия, 2021 / 12+

18:00 – Небо Ливана / Ливандын асманы, 90 мин, Франция, 2020 / 12+

🔷 12.0616:00 – Каламити, 82 мин, Франция, 2020 / 0+

18:10 – Прощай, зима! / Жакшы кал, кыш!, 116 мин, ГДР, 1987/1988 / 12+

🤩 Кирүү акысыз🤩

2022-жылы Бишкектеги Франсуз Альянсы менен Казакстандагы Гёте институту Кыргызстанда маданий долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштүк түзүшкөн. Франция менен Германия европалык чек арасынын ичинде жана андан сыртында тынчтыкты, диалогду жана ар түрдүүлүктү жакташат. Эл аралык маданий кызматташтыкка карай кадам таштаган Франция менен Германия төмөндөгү институттар менен бирге Европанын маданий келечегин түзүүдө.