Бишкектеги Француз Альянсы Франция, Швейцария, Канада жана Бельгиянын Кыргызстандагы элчиликтери менен жана ошондой эле Бишкектеги Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте 2023 жылдын 9-марттан 18-апрелге чейин “Саякат ” темасында Франкофония жумалыгы уюштурулду. Ар түрдүү программалар бардык көрүүчүлөрдү жана катышуучуларды кубандырды: чыгармачылык сынактар, кино көрсөтүүлөр, даам татуулар, конференциялар жана көрсөтүүлөр ! Ушул жумадагы француз тилинин урматына арналган майрамдык, лингвистикалык, маданий жана көркөмдүк алмашуунун сүрөттөрүнө кайрылсак.