Error: Contact form not found.

+996 772 251 700

Франкофония жумалыгы 2023

Бишкектеги Француз Альянсы Франция, Швейцария, Канада жана Бельгиянын Кыргызстандагы элчиликтери менен жана ошондой эле Бишкектеги Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте 2023 жылдын 9-марттан 18-апрелге чейин “Саякат ” темасында Франкофония жумалыгы уюштурулду.
Ар түрдүү программалар бардык көрүүчүлөрдү жана катышуучуларды кубандырды: чыгармачылык сынактар, кино көрсөтүүлөр, даам татуулар, конференциялар жана көрсөтүүлөр ! Ушул жумадагы француз тилинин урматына арналган майрамдык, лингвистикалык, маданий жана көркөмдүк алмашуунун сүрөттөрүнө кайрылсак.

Франкофония жумалыгынын ачылышы: Франциянын элчиси,Бишкектеги Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана Француз Альянсынын директорунун катышуусунда Ала-Тоо кинотеатрында “Ак Илбирс” документалдуу тасманын көрсөтүлүшү.
“Chapoutier” вино бары менен бирге француз винолорун даамын татуу . Француз ашканасында чыныгы көңүл ачуу учуру !
Occitane бутиги менен биргеликте француз парфюмерия ачылышы жана жыт сезүү сынагы.Дагы бир жолу жеңүүчүлөрдү шамдагайлыгы менен куттуктайбыз.
Француз тилдүү өлкөлөрдө билим берүү жөнүндө конференция биринчи бөлүгүндө .
Ырчы Марина Шипулина жана Юлия Руцкая жана ошондой эле Франциянын элчиси Франсуа Делаус менен бирге Métro pub да вокалдык сынактын жыйынтыгы. Катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү француз ырын аткаргандыгы менен куттуктайбыз .
2023 Франкофония жумалыгынын жабылышы жана сыйлык тапшыруу жакшы маанайда Франция , Бельгия , Швейцария жана Канаданын элчилиги менен бирдикте өтүшү .