Error: Contact form not found.

+996 772 251 700

Чоңдор үчүн курстар

Эгерде сиз француз тилинде сүйлөгөнү, француз маданияттын дүйнөсүн тааныганды, китептерди түп нускасында окууну, сүйүктүү ырларыңызды ырдоону жана алардын маанисин түшүнүүнү, ошондой эле кесиптик мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтүүнү, саякаттоону жана кызыктуу таанышууну кыялдансаңыз, биз сизди француз тилин үйрөнүүгө чакырабыз!

Биздин мугалимдер Бишкек шаардын эң мыкты адистери болуп эсептелет, алар Францияда атайын окуудан өтүшкөн. Биздин коммуникативдик окутуу методубуздун жардамы менен сиз окутуунун биринчи күндөрүнөн баштап француз тилинде баарлаша аласыз.

Окуу, Угуу, Грамматика менен Лексика жана Сүйлөө деген төрт компетенциянын ар бирине өзгөчө көңүл бурган үчүн, биздин студенттерибиз эл аралык DELF-DALF экзамендерин ийгиликтүү тапшырышат.

Француз Альянсы стандарттуу жана интенсивдүү француз курстарын сунуштайт, курсттар биринчи деңгээлден баштап жогорку деңгээлге чейин уюштурулат.

Альянста сабактар оффлайн режиминде же Zoom аркылуу онлайн, ошондой эле студенттердин мүмкүнчүлүктөрүнө жана каалоолоруна жараша аралаш форматта өткөрүлөт.

Жекече же атайын түзүлгөн топтордо окуу күндөрү өз ара макулдашуу боюнча аныкталат.

Француз тили курстарына кантип жазылса болот :
https://forms.gle/xQVsj3vJozMJhp119
+996 772 251700 (WhatsApp) номери боюнча
 af.bichkek@gmail.com электрондук дареги боюнча

Маанилүү! Француз тили курстарына жазылуу үчүн сиз тил билиминен кайсы деңгээлге ээ болгону билишиңиз керек (бул жерден чоңдор жана өспүрүмдөр үчүн деңгээл боюнча градацияны караңыз).

Француз тилинин деңгээлин тастыктоо үчүн Альянс FEI (France Education International) Ev@lang тарабынан иштелип чыккан расмий деңгээлдеги аныктоо сынагынан өтүүнү сунуштайт, ал үч тил компетенциясын баалайт: Compréhension écrite (Окуу), Compréhension orale (Угуу), Grammaire et. Lexique (Грамматика жана лексика). Ev@lang үйдөн да, Альянстын кеңсесинде да тапшырса болот, онлайн тест 45 мүнөттөн ашпайт, жыйынтыгы тесттин аягында берилет.

Бардык суроолор жана тестке жазылуу үчүн курстун координаторуна кайрылыңыз.

https://forms.gle/xQVsj3vJozMJhp119

Курстарга жазылуу:
+996 772 251 700 Азыр катталыңыз