[contact-form-7 404 "Not Found"] +996 772 251 700

Балдар үчүн курстар

Эгерде сиз балаңыздын француз тилин үйрөнүшүн же мектептеги көрсөткүчтөрүн жакшырышын, эс тутумун машыктырышын же так жана кооз сүйлөгөнүн кааласаңыз, анда биз 8 жаштан 12 жашка чейинки балдарга, алардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын даярдалган француз ыкмасы боюнча курстарды сунуштайбыз.
 
Кызыктуу китептери, оюн ыкмалары, заманбап техникалык окуу каражаттары, жагымдуу достук атмосферасы – баары сиздердин балдарыңыз көңүлдүү билим алыш үчүн!

8 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн атайын курстар түзүлгөн, анын шарттары төмөнкүдөй: жумасына 3 жолу 1,5 сааттан сабак өтүшөт, жалпысында окуу мөөнөтү 16 жумага созулуп 72 саат окутулат, ошол бардык курстун баасы 10 080 сом турат.

Француз тили курстарына кантип жазылса болот:
Уюлдук номер аркылуу (WhatsApp): + 996 772 251700
Электрондук  почта аркылуу: administration@afbichkek.kg
https://inscrire.hanaf.net/bichkek.php
Курстарга жазылуу:
+996 772 251 700 Азыр катталыңыз