Error: Contact form not found.

+996 772 251 700
Test de Connaissance du Français (TCF) – француз тилин билүү боюнча жалпы сынак, француз тилин чет тили катары расмий түрдө тааныган дипломдор. TCF тести Франциянын Улуттук билим берүү министрлигинин мамлекеттик France Education International (FEI) деп аталган мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Ал тестти тапшыруу учурунда француз тилин билүү деңгээлин аныктайт (эгерде француз тили эне тили болбосо). TCF сертификаты бардык өлкөлөрдө бирдей таанылган жана эки жылга жарактуу. TCF 30 күндүк минималдуу интервал менен чексиз санда кабыл алынышы мүмкүн.

TCFти 16 жаштан баштап тилди билген калоочулар таршыра алат. Билим деңгээлине жараша, абитуриенттер тилдер боюнча жалпы европалык маалымдаманын алты деңгээлдүү шкаласына ылайык бааланат (A1ден C2ге чейин).

Францияда Лисанс (Licence) деп аталган бакалавр даражасынын биринчи курсуна кабыл алуу үчүн TCF TP (лексика-грамматикалык тест жана жазуу) экзамени алынат.

Француз жарандыгын алуу үчүн TCF Intégration, Résidence et Nationalité программанын тестин тапшырышуу керек.

Канаданын жарандыгын алуу үчүн же ал өлкөгө иммиграциага кетүү үчүн француз тилин билүү деңгээлин далилдегени Канада TCF программасынан өтүү керек.

Квебекте жашоого уруксат алуу үчүн талапкер TCF Québec деген тестен отүү керек.

TCFтин кандай бир түрү болбосо (Канада, TP, Intégration, Résidence et Nationalité, Québec), ал экзамендин оозеки бөлүгү Француз Альянсында экзаменчи менен сыналат, ал эми жазуу түрүндөгү бөлүктөрү компьютерде, ошол эле Альянста алынат.
Курстарга жазылуу:
+996 772 251 700 Азыр катталыңыз